Колдонуучунун аты
Пароль
Салам Guest
Каттоодон өтүңүз\ Профилдеги өзгөрүүлөр
Паролду унуттуңарбы?

НАТО – ЖИБЕК ЖОЛУ: ПРОЕКТ, УСТАКАНАЛАР  ЖАНА СЕМИНАРЛАР


Жибек  Жолу (ЖЖ) проекти Кавказдын жана Орто Азиянын  өлкөлөрүңө ылдам Интернет жана глобалдык Интернет тармагын киргизүүгө арналган. Ал үчүн эң замандаш технологиясы, телекоммуникациясы  (видеоконференция аркылуу)  жана  GEANT  (Европанын  26  өлкөсүн бириктирген, илимий жана билим берүү максатын аткарган, эң чоң жана кубаттуу компьютердик тармагы) Жибек Жолу өлкөлөрүнө виртуалдык автострадасы жаратылган.

Проекттин негизги максаты – ага катышкан ар бир  өлкөнүн ичинде жергиликтүү  травманы эскертүү  борборлорду (ЖТЭБ) жаратуу  жана элге адистик психологиялык жардам берүү болот.

Жибек Жолу проекттин милдети – бул аймактардын ичиндеги  илимий жана билим берүү институттардын арасында маалымат менен алмашууну чоңойтуу болот.

Бул уникалдык проект Жибек  Жолу өлкөлөрүндө аларга берилген технологиялар аркылуу бул өлкөлөрдүн психологдору  үчүн компьютердик тармагы жаратылган. Ошентип, адистер ЖЖ  Интернет –порталы жана телекоммуникациялык структурасына кирген видеоконференциясын, аралык электрондук окуунусун, Интернет-форумдарды жана кадам кадамы менен колдонмосун   жана электрондук  каражаттарды колдоно алышат. 

Жибек  Жолу өлкөлөрүндө глобалдык коркунуч менен терроризмден тышкары, жер титирөө жана башка табигый    жана  адамдын колу менен жасалган кыйроолор кээ бир адамдарга да, коомдорго да зыян келтире алат. Тилекке каршы, террористтик ишмердик көбүнчө элди коркутууга жана маалыматты контролго алууга жиберилген. Ар кандай табигый кыйрооолордон кийин маалыматтык каналдардын бузулушу мүмкүн.

Бул NIG/ЖЖ  инфраструктурасына негизделген проекти аткарылганда, Жибек  Жолу өлкөлөрүндөгү кризистик колдоо группалары виртуалдык жардам жана консультация берүү  булагы катары иштеп, кырсык аймагында болгон адистерге жардам беришет. Ошентип, Жибек Жолу проекти  үмүт жана жөнөкөй байланышсыз жана адистик жардамсыз кырсык абалында калган аймактарына жардам берип, кырсыктын натыйжаларын жеңүүгө жаратылган.

ТЭБ – Травма эскертүү борборунда жаратылган BASIC Ph интеградивдүү модели Израилде жана дүйнөдө 25 жылдан бери  ийгиликтүү колдонот. Бул модели саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздоо жана мамлекеттик структуралардын адистери аркылуу колдонуп, кырсык аймагында психотерапевттерди окутууга арналган. Мисалы, бул модели Түркиядагы 1999 жылы болгон жер  титирөөдөн кийин, АКШда 2001 жылдын 11 сентябрда болгон теракттан кийин, Бесланда мектепти 2004 жылы басып алуудан кийин, Түштүк – Чыгыш Азияда 2004 жылдын декабр айындагы цунами кыйрооодон кийин колдонгон. 25 жылдан бери ТЭБ дайыма стресс каршы программалар жана жамааттарга жардам берип турат. Анын максаты – кырсык кырдаалдардын натыйжалардын психологиялык жана социалдык даярдоо. Азыркы учурда Израилде жана дүйнө боюнча көп өлкөлөрүндө миңдеген адистер   BASIC Ph интеградивдүү моделин колдонуп жүрүшөт. Андан башка, алар  көп сандуу ТЭБде иштеп чыгарылган стресс жеңүү техникаларын кээ бир адамдын, үй-бүлөнүн, группанын, системанын, уюлдуруштун жана жамааттын дэнгээлинде иштешет.

Проекттин этаптары:
No1 жана 3 пункттары NIG катарына кирбесе да, алар NIGдин интеградлуу болуму болуп, ошондуктан томонку планда корсотулгон.

1. Стамбул шаарында  Жибек  Жолу өлкөлөрүнөн тез жардам берген психологдор үчүн үч күндүк семинар өткөрүү (семинардын проекти андан тышкары). Устакана–семинар  семинардын башталышына чейин атайы сураштыруу аркылуу катышчуулардан алынган каалоолоруна жараша өткөрүлөт.
Бул сураштыруу бланкасы ар бир  өлкөдө мүмкүн болгон коркунуч жана кыйроо, азыркы учурда колдонуп жаткан кризистик кырдаалдагы каражаттары жөнүндө суроолордон тизилген. Берилген жооптор ТЭБдин эксперттери   аркылуу талдоолонуп, семинардын адистик планын даярдоосу үчүн колдонот.   

2. Травма / террор/ кризис/ кырсык кырдаалдарын, психологиялык/ социалдык кийлигишүү аспекттерин талдоологон китептери, макалалары, конференциялары жана башка материалдар аркылуу эки тилинде жаратылган сайттын мазмунун аныктоо жана иштеп чыгуу.
Тышкы котрмочулар жана кеңешчилер аркылуу жасалат.   

3. Израилде Жибек Жолу проектинин катышчуулары жана НАТО өлкөлөрүнөн жана  НАТОнун шерик- өлкөлөрүнөн изилдөөчүлөр/психологдор    эки жумалык курсун  өткөрүү. Ушул  курсунда акыркы илимий-практикалык жетишкендиктер, методдор жана ARW/ANW семинарында иштеп чыгарылан материалдар талкууланат. ASI  үчүн планы башка тапшырылат.

4. Бул курстун катышчууларына жана ЖТЭБдин эксперттерине иштеп чыгарылган электрондук окутуунун эки блогун жазуу  үчүн тышкы эксперттердин жардамын колдонуу. Спецификацияга жараша эки блокту иштеп чыгаруу. Блокторунда ARW семинарынын жана ASI курсунун кийинки социалдык жана психологиялык проблемалардын мазмуну көрсөтүлгөн :
1.Индивидуалдык жана  жамаатттык  дэнгээлинде террористтик ишмердиктин натыйжаларын  жеңүү.
2.Кыйроо, кырсык жана травма кырдаалдарында тез жардам  берүү.
Ар бар блогунда ар бир өлкө үчүн иштеп чыгарылган бөлүму жана жалпы бөлүгү бар.
5. Экинчи этапта иштеп чыгарылган материалдар аркылуу эки тилинде жаратылган Интернет-программаны иштеп чыгуу. Ар бир кошумча тилиндеги материалдар электрондук окуттудан тышкы эксперти аркылуу даярдаланат.

6.
Израилде англис жана орус тилдеринде кадам кадамы менен колдонмосу  психологдор жана социалдык ишмерлер  үчүн иштеп чыгарылган. Ал психологиялык колдоо методдорун кырсык окуясында тез жардам берүү группаларына кирүүгө жана жергиликтүү адистерди болушунча көбүрөөк элге  жардам берүү  үчүн жаратылган.
Жергиликтүү тилдерине котормосу ар бир өлкөдө жасалат. Колдонмодо ЖТЭБди жаратылуу жана жүргүзүү сунуштары болот.

7.
Семинардын катышчуулары үчүн жана кийинки ЖТЭБдин кызматчыларынын колдонуусуна теракттын\ травманын\  кырсыктын \ стресстин социалдык / психологиялык натыйжалары жөнүндө материалдарды иштеп чыгуу жана даярдоо. Семинардын катышчуулары ТЭБдин тажрыйбасы, макалалары  жана методдору менен таанышат. Катышчуулар менен берилген суроолор семинарда талкууланат.

8. Колдоо форум үчүн жаратылган каражаттар аркылуу эки тилинде Интернет – форум / дискуссиялык портал тизүү. Анын мазмунунда тез психологиялык /  социалдык  жардам берүү, травма / теракт / табигый кырсык окуялары талкууланат. Форумдун порталында видеоконфренциянын опциясы бар болуп, Жибек Жолу проектинин телекоммуникациялык структурасына таянат. Форумдун мүчөлөрү макалалар жана докладдар менен таанышып, ТЭБдин эксперттери менен аларды жана ар башка сурролорду талкуулоо мүмкүн.    

9. Электрондук окутуунун блокторун / кадам кадамы менен колдонмону / мазмунун / порталды  жүргүзүү жана өзгөрүү. Бул машыгуулар башында семинардын катышчууларына жана андан кийин – ТЭБдин кызматчыларына   өтө керектүү. Каалоолору дайыма чогулунтат жана Интернет-материалдардын өзгөрүлүшү, оптимизация жана туруктуу жаңыртуу  үчүн колдонот.

10. Электрондук окутуунун блоктору, форум жана башка Интернет-порталдын бөлүмдөрү менен колдонууга үйрөтүү 3-күндүк тренинг өткөрүлөт. ЖТЭБдин кызматчыларды окутуунун акыркы этабы : андан кийин алар өз алдынча электрондук окутууга жаңы мазмунун жана  блокторун жаратып, киргизип жана  өзгөргөнгө ээ болушат. Тренинг аяктаганда катышчуулар сертификат жана электрондук окутуу курсунун акыркы вариантын жана курстун  мазмунун өз алдынча  жаңыртуу  үчүн колдонмо алышат.
Катышуу үчүн персоналдык компьютер менен иштөө, Интернет жана Office  системасын колдонуу жана англис тилин билүү керек.
Андан кийин...

Кийинки кездеги окуялар

230 июня 2008 г. состоялась очередная встреча на форуме, посвященная готовности общества к чрезвычайным ситуациям. В ней приняли участие представители Казахстана, Армении, Белоруссии и Киргизии.  Материалы встречи остаются на форуме, каждый из Вас приглашается к обсуждению. 

13-16 мая 2008 г. в Киеве
состоялся семинар по методам оказания помощи в кризисных ситуациях. Семинар проводили д-р Любовь Мошинская и д-р Иегуда Шахам. Группа была большая - 28 человек, интерес огромный. Следующий семинар состоится в ноябре.

2
9 мая 2008 года 
Состоялась вторая супервизорская встреча на форуме. Встречу вела д-р Любовь Мошинская. На встрече присутствовали представители Молдавии и Армении. Материалы дискуссии остаются на форуме в течение недели - надеемся получить дополнительную информацию от других участников.
Состоялась первая (тренировочная) встреча на форуме сайта - подготовка к супервизорской встрече с проф. Мули Лаадом и д-ром Любовью Мошинской, которая состоится 22 апреля. На нынешнюю встречу пришли представители Грузии, Украины. Казахстана, Армении. Впервые после семинара в Израиле мы встретились все вместе, и это было очень приятно.

4 апреля 2008 года

На этой неделе в Минске закончил работу семинар,  посвященный вопросам кризисной психологии. Большой интерес вызвала модель BASIC Ph  и работа с метафорическими картами. В ближайшее время проф. Леонид Пергаменщик обещал представить нам более подробную информацию.

24 марта 2008 года

В Минске начал работу семинар по предупреждению и преодолению стрессовых ситуаций под руководством проф. Л.Пергаменщика и д-ра В.Слепковой. Пожелаем им успеха!

2007 жылдын 7 декабрда

Сильвия Рудник айымы Жибек Жолу сайтын жүргүзүү үчүн проекттин катышчыларына жардам берүүгө иштеп баштады.

2007 жылдын 2 декабрда
Ай  сайын боло турган эксперттердин катышуусу менен травма менен иштөө байланыш суроолорду талкулоо жолугушууларды пландоо

2007 жылдын 29 октябрда
Кирьят-Шмона, Израиль
Люба Мошинская айымы Жибек Жолу сайттын модертатору болгон
2007 жылдын август айында Жанна Маштакова  Туркменистандын Кызыл жарым Айынын Улуттук Коомунда «Чукул кырдаалдарында азапка чегилген адамдарга биринчи жардам берүү» аталган семинар-тренингди өткөрдү.

2007 жылдын 8 июлда
«Табигый катастрофалардан жана террористтик соккулардан азапка чегилген адамдарга жана коомго биринчилик жардам берүүнүн жаңы ыкмалары жана практикасы». 15  өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышы менен эки жумалык семинар.
Ал 2007 жылы март айында Стамбулда өткөн семинардын уландысы болуп, НАТОнун колдооосу менен «Замандаш изилдөөлөр институту» программанын бөлүгү катары өткөрүлөт.

23-25 март, 2007 жылы
Стамбул, Түркия
Замандаш изилдөөлөр устаканасы – травма болгон адамдарды жана терроризмдин курмандарын колдоо. Бул мастер-класс эки жылдык жергиликтүү травма эскертүү боборлордун тармагын жана Виртуалдык Жибек Жолу өлкөлөрүнөн психологдор жана башка адистер үчүн Интернет-порталды жаратуу проектинин биринчи кадамы. Проекттин негизги маселеси - травма болгон адамдарга  жана терроризмдин курмандарына жардам берүү.
Андан кийин...

Quick Link

Quick Link

2007 жылдын 8 июлда
Замандаш изилдөөлөр институту (ЗИИ), Кирьят-Шмона Израиль.
«Табигый катастрофалардан жана террористтик соккулардан азапка чегилген адамдарга жана коомго биринчилик жардам берүүнүн жаңы ыкмалары жана практикасы». 15  өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышы менен эки жумалык семинар.

23-25 март, 2007 жылы
Стамбул, Түркия
Замандаш изилдөөлөр устаканасы – травма болгон адамдарды жана терроризмдин курмандарын колдоо.
Бардыгы >>
Кабыл алыңыз: Download Skype
Бардык укуктары сакталган © ICSPC NATO 2007
Таризделген: Studio Amodu    |    Иштеп чыгарылган: ITdesigns
Get Adobe Reader